Бүгүн, 13-июлда Ак үйдүн жанында парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу талабы менен жарандык активисттер митингке чыгышты. Бирок чогулгандарды милиция таркатып, айрымдарын кармап кетти.
«Бизге эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Болгону, «Бийликти күч менен алууга аракет жасоо» беренеси менен иш козгоп коюшканы маалым болду. Эл согуштагыдай өлүп жатат. Биз шайлоо болбосун деген жокпуз, мөөнөтүн жылдыралы, шайлоого деген 700 миллионду элди аман алып калууга жумшайлы деп гана айтып жатабыз» -дейт акциянын катышуучусу Кудайберген уулу Тилекмат.
Митингке келгендер мыйзам бузбаганын, шайлоо мөөнөтүн башка убакытка которуу тууралуу пикирин билдирүү үчүн гана тынч акцияга чыгышканын белгилөөдө.
Ал эми милиция өкүлдөрү аларды кармап кетүүдө мыйзам бузулбаганын, коронавируска байланыштуу бир жерде чогулууга уруксат жок экенин айтышты.
Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка 3-июлда кол койгон.
13-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 11 миң 117ге жетти. Алардын ичинен 1781и медицина кызматкери. Илдеттен 3460 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 147 адам каза болду.