3 млн.vs 321 млн. Өзбекстан алгачкы ИВЛ аппараттарын чыгара баштады

Окуялар тизмеги 13 Июл 2020 17:14
0 ой-пикир

Өзбекстан алгачкы ИВЛ аппараттарын чыгара баштады. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдыктардын алгачкы партиясы Ташкенттеги №1 республикалык ооруканага берилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын май айында ИВЛ аппараттарын өндүрүү боюнча словакия-орусия-өзбекстандык Chirana Asia ишканасы түзүлгөн. Долбоордун алгачкы этабында 3 миллион доллар инвестиция тартуу жана 30 жумуш орун ачуу пландаштырылган. Экинчи этабында 5-6 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу жана жумушчу орундарынын санын 100гө чейин жеткирүү каралган.

Бул завод Өзбекстан үчүн эле эмес, Борбордук Азия үчүн маанилүү. План боюнча, ишкана жыл аягына чейин 100 даана ИВЛ аппаратын чыгарат. Келечекте анын санын жылына 500гө чейин көбөйтүлөт жана дагы 500 даана наркоз-дем алуу аппараттары чыгарылмакчы. Ошондой эле, бул медициналык аппараттарды Тажикстанга, Түркмөнстанга, ООганстанга жана Кыргызстанга сатуу пландалган.

Учурда абадай керек болуп жаткан бул аппараттарды өндүрүү боюнча ачылган ишканага алгачкы этапта 3 миллион доллар инвестиция тартылган.

Ал эми Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүгө эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алууну макулдашкан. Анын ичинен 321 млн доллары өлкөгө келип түшкөн. Экономика министринин мурдагы орун басары, ишкер Элдар Абакиров кыргыз бийлиги сырттан келген акчанын көбүн чиновниктердин айлыгына жумшагандыгын айтып чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.