Канатбек Азиз, саясий жана юридикалык илимдердин доктору, профессор – атайын Elgezit.kg үчүн
Кыргызстанда айрым саясий партиялардын өкүлдөрү COVID-19 инфекциясы күч алып, бүт өлкөнү каптаган апаатта президент 2020-жылдагы парламенттик шайлоо күнүн белгилебей турса болмок деп чыгышууда. Конституцияга ылайык ал бул күндү белгилебей кое алмак эмес, эгерде ал шайлоо күнүн жарыялабаса, конституциялык мыйзам анын функциясын аткармак.
Шайлоону жылдыруу үчүн жалгыз жол бул өзгөчө (же аскердик) абал киргизүү. Бирок андай чечим канчалык деңгээлде туура болмок? Шайлоону жылдырууну каалап жаткандардын максаты эмнеде? Келгиле, ушул суроолорго жооп тапканга аракет кылалы.
Жогорку Кеңешке шайлоо. Кайсынысы жакшы: өткөрүүбү же жылдыруубу?
Өзгөчө абал киргизүү менен бизди гана эмес дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 вирусун жеңүүгө болобу? Дүйнөлүк тажрыйбаны карай турган болсок, көптөгөн чет өлкөлөр пандемия эки жылга созулушу мүмкүн экенин болжоп жатышат. Жакынкы күндөрү вирус жок болбойт жана кадимки жашоого кайтууга тоскоол боло албайт деген пикирде, себеби вакциналар чыгарылып, коллективдик иммунитет пайда болот деген божомолдор бар.
Учурда көпчүлүк өлкөлөр бул вирус менен жашаганды үйрөнө башташты. Биз деле милициянын жана аскерлердин жардамы менен кайрадан адамдарды үйүнө камап, бизнести жабуунун кажети жок. Бул маселени чечүү жолу эмес. Ошондой эле Кыргызстандагы парламенттик шайлоону жылдыруу дагы көйгөйдөн арылуу жолу болбойт. Бирок бул тууралуу макаланын жыйынтыктоо бөлүмүндө сөз кылалы.
Дүйнө жүзүндө референдумдар жана парламенттик шайлоолор жылдырылдыбы?
Дүйнөлүк тажрыйбаны мисалга келтире турган болсок, Хорватия, Россия, Монголия, Түштүк Корея ж.б. көптөгөн өлкөлөр шайлоону өз убагында өткөргөнүн айтсак болот.
Хорватиядагы парламенттик шайлоо
2020-жылдын 5-июлунда Хорватияда парламенттик шайлоо болду. Анда премьер-министр Андрей Пленковичтин «Хорватское демократическое содружество» (ХДС) партиясы жеңип чыкты. Эң негизгиси хорват бийлиги карантинди жоюп, чек араларын ачканына байланыштуу коронавирусту жуктуруп алгандардын саны көбөйүп, рекорддук көрсөткүчкө жеткен маалда шайлоо өткөргөнү болду. Шайлоочуларга шайлоо участокторуна беткап менен келип, өзү менен кошо жазуучу каражаттарды ала келүүсү сунушталган болчу. ММКлардагы маалыматтарга ылайык, хорват парламентин шайлоого 3,8 млн шайлоочу келип, 151 депутатка добуш беришкен.
Россиядагы жалпы элдик добуш берүү
Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 25-июнунан 1-июлуна чейин Россияда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик добуш берүү болду. Өзгөртүүлөргө ылайык, электрондук формада же участокко келип добуш берүү мүмкүн болду. Белгилей кетсек, добуш берүү алгач 2020-жылдын 22-апрелине белгиленген. Бирок 2020-жылдын 25-мартында Россиянын президенти Владимир Путин элге кайрылуу жасап, COVID-19 пандемиясына байланыштуу добуш берүү кийинкиге жылдырыла турганын билдирген болчу.
2020-жылдын 1-июнунда Россиянын БШКсынын жумушчу тобу менен өлкө башчысы Владимир Путиндин виде-конференциясы учурунда президент добуш берүүнү 2020-жылдын 1-июлуна белгилөө тууралуу буйрукка кол койгон. Эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуудагы чаралардын бири добуш берүүнү 25-июндан 30-июнга чейин өткөрүү чечими болду. Коопсуздук үчүн шайлоо участогунун кире беришинен шайлоочулардын дене табы текшерилип, бардык участоктор бир жолу колдонулуучу колкаптар жана беткаптар, санитайзерлер, дезинфекция кылчу килемчелер жана калемдер менен камсыз болгон. Жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда Россия элдик добуш берүүнү ийгиликтүү өткөрдү десек болот.
Монголиядагы парламенттик шайлоо
Монголия дагы пандемиядан улам шайлоону жылдырууга аракет кылышты. Бирок өлкө президенти Халтмаагийн Баттулганын шайлоону жылдыруу сунушун Өкмөт колдогон жок. Натыйжада 2020-жылдын 24-июнунда бардык санитардык эрежелерди сактоо менен шайлоо ийгиликтүү өттү.
Түштүк Кореядагы парламенттик шайлоо
Түштүк Корея COVID-19 пандемиясы болуп жатса парламенттик шайлоо өткөрүүнү чечкен алгачкы өлкөлөрдүн бири болду. Белгилүү болгондой, Түштүк Кореяда оору катталгандан баштап аны жугузуп алгандардын саны 10 653кө жеткен, ал эми каза болгондор 232. Бирок өлкө бийлиги 2020-жылдын 15-апрелине дайындалган шайлоону өткөрүүнү жылдырган жок. Ошентип, депутаттык корпус ийгиликтүү түзүлдү, жарандардын ден-соолугуна зыян келтирилген жок. Санитардык эрежелерди президенттен баштап катардагы калкка чейин баары сакташты. Шайлоону жылдыруу тууралуу сөз кылып жатканда бул мамлекеттин тарыхында бир да жолу шайлоо жылдырылбаганын, керек болсо 1952-жылы Корея согушунда дагы президенттик шайлоо өз убагында өткөнүн белгилеп кетсек болот.
Өзгөчө пикир
Албетте, элдин жашоосу жана саламаттыгы баа жеткис. Бирок ошол эле маалда кыргыз элинен түздөн-түз көз каранды болгон мамлекеттик бийликтин бутактарын өз учурунда түзүү дагы бардык жарандардын укугу жана мамлекеттик түзүмдөдүн, анын ичинде президенттин жана парламенттин милдети. Себеби көз карандысыздыкты алып жүрүүчү жана мамлекеттик бийликтин башкы булагы – эл. Эл шайлоо жана референдум аркылуу Конституциянын негизинде бийлик органдарын шайлайт.
Бирок бүгүнкү күнү парламенттик шайлоону ойлогонго элдин чамасы жетпей турган чагы, азыр ар бирибиз ден-соолугубуз, жакындарыбыздын өмүрүн сактап калуу менен алекпиз. Аны менен катар эле Өкмөткө нааразы болуп, парламенттин тарап кетишин дагы талап кылгандар көп. Демек, иш ушундай болгон соң жаңы парламент өз убагында шайлануусуна кызыкдар болушубуз керек. Сапаттуу парламентти шайлап алсак алар эффективдүү иштеген, биринчи кезекте саламаттыкты сактоого. Жалпы эле социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурган Өкмөттү түзөт.
Кыргыз коомчулугу айрым партиялардын өкүлдөрүнө ишенип, өз кызыкчылыгы үчүн элди бийликке каршы тукуруу аракеттерине ишенбеши керек. Мамлекет башчысы COVID-19 коронавирус инфекциясы күч алып жаткан маалда парламенттик шайлоону жылдыруусу керек эле деп саясий упай топтоп жаткандарга ишенбеш керек. Себеби жаңы депутаттык курам түзүлгүчө азыркы депутаттардын иштөө мөөнөтү узарарын алар айтпай жатышат. Пандемия жогоруда айтылгандай 2 жылга чейин созуларын эске алсак, мындай кыйкырык салгандар бир же эки жылга чейин депутаттык мандатын сактап калууну көздөр жатышат. Бул биринчиден.
Ал эми экинчиден, парламенттик шайлоону жылдырууну сунуштап жаткандар биринчиден болуп шайлоого катышарын билдиришкен, БШКга алгачкылардан болуп арыз беришкен. Эгерде булардын ою таза болсо анда БШКга шайлоого катышуудан баш тарткан арыз берүү менен шайлоону өткөрүүгө макул эместигин билдириши керек болчу. Конституциялык мыйзам ушундай укук берген, партияларга дагы, талапкерлерге дагы.
Бул тууралуу бүтүндөй өлкөгө кыйкырып, мамлекет башчы шайлоону жылдыруусу керек деп коомчулуктун башын адаштыруу кажет эмес.
Шайлоо учурунда Кыргызстандын БШКсы жана Өкмөт санитардык эрежелердин сактануусун камсыз кылышы керектиги талашсыз. Жолугушууларды онлайн форматка өткөрүп, эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салуусу керек. Жогоруда аталган өлкөлөрдүн тажрыйбасын да эске алуу ашыкча болбойт. “Легитимдүү босогого” жетүү үчүн шайлоочулар келеби деген суроого, ооба келет деп жооп берет элем. Буга бардык 44 партия кызыкдар. Анын ичинде баарына каршы болуп жаткандар жана азыр шайлоону жылдыргыла дегендер да кызыкдар.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.