Кыргызстандын бардык аймактарына каттаган, жүргүнчү ташыган коомдук транспорт токтотулду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Билдирмеге ылайык, чектөөнүн мөөнөтү Кыргызстандын аймактарында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин күчүндө болот.
Маалым болгондой, мындай чечим коронавирустун жайылышын болтурбоо жана алдын алуу максатында ар бир облустун оперативдик штабдарында кабыл алынган.