«Ата-Журт» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу саясатчы Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Урматтуу Кыргыз калкым! Биз бүгүн ооруканадан чыктык, эми калган дарыланууну үйдөн улантабыз. Элимдин дубасы, ак тилектери, Аллахымдын буйругу жана ак халатчан баатырларыбыздын зор эмгектери бизди сактап калды! Миңдеген адамдардын телефон, ватсап жана башка суроолоруна, каалоолоруна жооп бере албадым, туура түшүнүңүздөр, баарыңыздарга ыраазымын, эми жашоом кайрадан башталды. Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы жоокеримин! Жаша Кыргызстаным, дем ал, дем ал боордошум, ынтымакта жеңебиз!» – деп жазды ал.
Эскерте кетсек, экс-депутат жана анын жубайы эки тараптуу пневмонияга кабылып, абалы оорлошуп ооруканага жаткырылганы айтылган.