Кыргызстанды коронавирус жана пневмония каптады. Ким күнөөлүү? Эмне кылуу керек?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 08 Июл 2020 00:15
0 ой-пикир

Семетей АМАНБЕКОВ —Elgezit.kg сайтынын башкы редактору

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырып, анда өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абал талкууланды.

Учурда ооруканаларга бейтаптар батпай, вируска каршы дарылар, кычкылтек концентраттары, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар тартыш болуп, эң башкысы медицина кызматкерлери жетишпей жаткан маал. Дарыгерлер сапаттуу медициналык жардам көрсөтө албай, натыйжада вируска жана пневмонияга чалдыгып, каза болгондордун саны кескин көбөйдү.

Өпкөсүн томографияга тарттырууга кезеги жетпей, ооруканадан орун табылбай, оору башталганда кандай дарылоо керектиги тууралуу маалымат жок болгондуктан өлүм көп катталууда.

Вирус медиктердин көбүн чарчатты. Статистикага таянсак, Кыргызстан медицина кызматкерлери вирусту жуктуруп алган өлкөлөрдүн арасында Тажикстан жана Испаниядан кийин 3-орунда турат.

Эгерде жакынкы күндөрү шашылыш чаралар көрүлбөсө Өкмөттүн, штабдын шалаакылыгынан, элдин жоопкерчиликсиздигинен улам оору дагы күч алат. Ал эми анын баасы өтө кымбат –  туугандарыбыздын жана жакындарыбыздын өмүрү.

Кандай кечиктирилгис чаралар көрүлүшү керек?

Биринчи кезекте күндүзгү убактылуу стационарлардын санын көбөйтүү жана ооруканаларда кошумча орундарды даярдоо зарыл.

  1. Медицина кызматкерлери үчүн бардык шарттарды түзүү: жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылып, мыйзам чегинде маяналарын жогорулатып, бардык кошумча төлөмдөрдү өз убагында төлөп, ысык тамак-аш менен камсыз кылып, транспорт көйгөйүн чечүү керек. “Тез жардам” жана “118” кызматын күчтөндүрүү зарыл.
  2. Аскерге милдеттүүлөрдөн, студенттерден, ыктыярчылардан турган медициналык топ түзүү керек. Зарыл болсо кыска медициналык курстарды ачуу керек. Жеке клиникаларда иштеген врачтар жана медкызматкерлер менен контракттык негизде келишим түзүп, алардын ооруканада иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү керек.
  3. Кычкылтек концентраттарын, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алып, ооруканаларга кычкылтек түтүктөрүн тартып, кычкылтектин запасын камдоо учур талабы.
  4. Керектүү болгон вируска каршы каражаттарды, антикоагулянттарды, антибиотиктерди, деги эле пневмонияны дарылоочу дары-дармектерди сатып алуу зарыл.  
  5. Мамлекеттик ооруканаларга жана мекемелерге компьютердик томография аппараттарын сатып алуу керек. Жеке борборлорго агылган адамдар көп болуп, медициналык кызмат алууга кезек келбей жаткандар көп болууда. Натыйжада диагноз коюлбай, тиешелүү дарылануу ала албай, каза болгондордун саны өсүүдө.
  6. Өзгөчө кырдаал болуп турганда дары-дармектердин баасын мамлекеттик тарабынан көзөмөлдөөнү мыйзам чегинде ишке ашыруу керек. Мыйзамды бузгандар болсо эң катуу жазалар каралышы зарыл. Антимонополия комитетине (бизде бул мекеме деги эле иштейби?) жана Финполицияга дары-дармектердин баасын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укук берүү керек. Президент Жээнбеков бул тармакты көзөмөлгө алышы керек, себеби фармацевттик бизнестин башында аткаминерлер өздөрү турат. Адамдардын өмүрү, өлкөнүн тагдыры кылдын учунда турганда мамлекет башчысы Кыргызстандын фарм-мафиясына каршы өзү иш алып барышы керек.
  7. Рентген жана томография кызматтарын көрсөткөн медициналык борборлордун ээлери пандемияга чейин коюлган бааны жогорулатпашы керек.
  8. Маалыматтык кампанияны мыкты жүргүзүп, коронавирустун жана пневмониянын алгачкы белгилери байкалса эмне кылуу керектигин элге түшүндүрүү зарыл. Эгерде ооругандар үйдөн дарылана башташса медицина кызматкерлерине болгон жүк жеңилдейт.
  9. Элди үйдө отурууга тынымсыз чакыруу – бул пандемиянын күчүн басаңдатуунун бирден бир жолу. Врачтарга оордук канча аз болсо, алар ошончо көп адамдын өмүрүн сактап калышат. Азыр кубантканы элде бир аз жоопкерчилик пайда болуп, коменданттык саатсыз, өзгөчө абалсыз эле үйдө болууга аракет кылып жатышат.
  10. Коомдук транспорттун, базарлардын, тамактануучу жайлардын, супермаркеттердин иш тартибин дагы бир жолу карап чыгуу керек. Мисалы, коомдук тарнспорттун кыймылын чектебей, тескерисинче, аны санын көбөйтүү максатка ылайык болмок, себеби ага түшкөн адамдар аз болот эле.
  11. Өлкө жетекчиси ири бизнес өкүлдөрүнө оорукана ачууда, кислороддук концентраттарды, өпкөгө жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып берүүдө жардам көрсөтүүсү боюнча кайрылуу жасашы керек. Ага жооп катары салыктык жеңилдиктерди берүү зарыл. Баса, абалга көңүл кош карабаган ишкерлер азыртадан эле колунан келген жардамын бере баштады. Белгилүү ишкер Тимур Файзиев “Ганси” базасында ачылган ооруканага жана борбор калаанын 12-кичи районунда иштеп жаткан дарыгерлерге коргонуучу каражаттарды жана дары-дармектерди алып берди. Ал эми Исмаил Матраимов атындагы фонд Rixon мейманканасында оорукана ачып, ал жакка медицина кызматкерлерин тартып, керектүү дары-дармектер, коргонуучу каражаттар, тамак-аш менен камсыз кылды.
  12. Коронавирус жана пневмония менен ооругандарды бөлүү ыкмасын киргизиш керек. Эгерде пневмонияны коронавирус чакырып жаткан болсо анда туура дарылоо үчүн статистиканы бириктирүү керек.
  13. Республикалык штаб коюлган милдеттерин аткара албай жатканы куралданбаган көз менен эле көрүнүп жатат. Штабдын ишин күчөтүп, уюштуруучулук жөндөмү жогору болгон адистерди тартуу зарыл.
  14. Эң башкысы аймактарда пандемиянын күч алуусуна даяр болуу керек. Себеби ал жактарда абал борбордогудан дагы оор болушу толук мүмкүн. Биринчиден, ал жакта Бишкектегидей медициналык шарттар жок, врачтар жана дары каражаттары тартыш. Экинчиден, аймактарда кары ададмардын саны көп, ал эми бул вирус алар үчүн өтө кооптуу.

Ким күнөөлүү? Аларга кандай чара көрүү керек?

Коронавирус панлемиясы Италияда, Испанияда жана Россияда күч алып жатканда баардыгы Өкмөткө жана Республикалык штабга бизде да абал ушундай болушу мүмкүн экенин айтышкан. Биздин медицинанын абалы мышык ыйлагыдай экенин эске алганда абал ал өлкөдөгүдөң дагы катуу болорун эске алуу керек эле.

Биздин редакция эле вируска каршы дарыларды, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, медиктер үчүн коргонуучу кийимдерди сатып алуу зарылчылыгы тууралуу бир нече жолу жазган.

Пандемияга даяр болуу үчүн Өкмөттө жана Штабда 4 ай бар болчу. Ушул мезгил аралыгында алар өзгөчө абал киргизип, өлкөнү карантинге жаап, донорлордун акчаларын маянага жана социалдык төлөмдөргө коротууга жетишти. ЭЧ КАНДАЙ оорукана ачылган жок, дарылар сатып алынбады, аппараттар да алынган жок, врачтарды уюшкандык менен иштете албады. ЭЧ НЕРСЕ жасалган жок.

Бул абалды көзөмөлдөн чыгарып жибергени үчүн, эч кандай даярдыктар көрүлбөгөнү үчүн жоопкерчилик Абылгазиевдин өкмөтүндө. 

Президент Жээнбеков 6-июлдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында алгачкы медициналык жардамды уюштура албаганы, түшүндүрүү иштеринин жоктугунан улам эл дүрбөлөңгө алдырганы, алдын алуучу чаралар болбогону үчүн азыркы Өкмөттү дагы сынга алды:

«Күн мурунтан кадрлардын резервин толуктап койбой, кризис башталганда издеп калдыңар. Медиктерге эмне жетишпей жатса саламаттык сактоо министри Республикалык штабга жана мага айтып тургула.  Ошондой эле министр маселенин ыкчам чечилишин талап кылышы керек”,-деди өлкө башчысы.

Саламаттыкты сактоо министри жана бул тармакты жетектеген Өкмөт мүчөлөрү бул абалды жөнгө сала албайт. Зарыл болсо аларды тез алмаштырып, ушундай абалга жеткиргендердин баарын мыйзам алдында катуу жоопкерчиликке тартыш керек.

Вирусту кантип токтотобуз?

Пандемиянын күзүндө болору божомолдонуп жаткан экинчи толкунуна өлкө жетекчилиги даяр болуп, стратегиялык план жазып чыгышы керек. Белгилүү болгондой, суук түшкөндө сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйөт, бул медицинага кошумча оор жүк болот. Күн суук болсо талаа госпиталдар менен убактылуу стационарларды түзүү мүмкүн болбой калат.

Азыр болсо эң башкысы өлкөдө өлүмдүн санын азайтуу. Оор оорулууларга тез жардам көрсөтүү. Андан соң пандемия азайышы ыктымал, себеби адамдарда вируска каршы иммунитет пайда болору айтылууда.

Москвадагы  геномдук инженерия лабораториясынын башчысы Павел Волчков адамдын организминде организмдин клеткаларында белоктор (антителалар) жок болсо деле вируска болгон иммунитет сактала берет, себеби ал эс тутумдун Т жана В клеткаларында сакталат. Адистин айтымында, вирусту кайрадан жуктуруп алган учурда адамдын организминин клеткаларына белоктор (антителалар) кайрадан иштелип чыга баштайт.

“Демек, көп сандаган организмдин клеткаларында белоктор (антителалар) жок болсо деле, иммунитет иштейт. Инфекция кайрадан адамга кирсе иммунитет аны таанып, клеткалар антитела иштеп чыга баштайт”,-деди Павел Волчков.

Эгерде адамдардын 60-70%ында вируска болгон иммунитет иштелип чыгып, коронавирус илдетин жугузуу процесси жайлайт жана оору азайып баштайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.