Бишкекте 9 күндүзгү стационар иштеп жатат. Даректери

Окуялар тизмеги 08 Июл 2020 15:30
0 ой-пикир

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 9 күндүзгү убактылуу стационар иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 4-июлдан 8-июлга чейин күндүзгү стационарларга 5 миң 500 адам медициналык жардамга кайрылды, 730 адамга кеңеш берилип, 4 миң 800 адам капельница түрүндөгү инъекция алды, 33 адам ооруканаларга жаткырылды, 4 адам каза болду.

Борбор калаада иштеп жаткан күндүзгү стационардын даректери:

Ленин районунда:

— “Газпром” спорткомплекси, Токонбаев — Чортекова – 120 орун;

— № 68 гимназия мектебинде – 30 орун (Токтогул — Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде);

— “Арал” кафесинде – 50 керебет-орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199).

Свердлов районунда:

— Р. Санатбаев атындагы ФОК, Восток — 5 кичирайонунда – 150 орун;

— № 94 орто мектепте – 50 орун (“Дордой” конушунда).

Октябрь районунда:

— “Бишкекпекарня” муниципалдык ишканасында, 12 кичирайондо, чиркөөнүн жанында – 200 орун;

— “Сейтек” мектебинде – 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10, “Алатоо” университети).

Биринчи май районунда:

— № 83 орто мектепте, Кудайберген базарынын жанында – 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9);

— К.Кожомкул атындагы спорт сарайда – 150 орун.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.