Президент облустар аралык транспорттук каттамдары токтотууну сунуштады

Окуялар тизмеги 06 Июл 2020 17:50
0 ой-пикир

Азыр айрымдары карантин эрежелерин күчөтүү тартибин киргизүүнү сунуштоодо. Кырдаалга байланыштуу республикалык штаб сунуштарды киргизүү керек. Азыркы кырдаалда облустар ортосундагы транспорттук каттамдары токтотуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жыйын видеоконференция форматында өттү.

«Калктын саламаттыгы менен экономикалык коопсуздугун таразага салганда биз карантинди жарыялап, өзгөчө абал режимин чыдамкайлык менен сактадык. Бул режим алынган соң, ооругандар кескин көбөйдү жана коронавирустун айынан көптөгөн биздин жарандар пневмониядан жабыр тартууда», — деди президент.

Ошондой эле ал Бишкек шаарында илдетти жугузуу көбөйгөндүктөн кайрадан бир катар чектөөлөр киргизилгенин эске салды. Буга чейин той-топурларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча сунуш киргизгенин эске салып, республикалык штабды бул маселе боюнча өзүнүн так көз карашын билдирүүгө чакырды.

«Мен Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай массалык салтанаттуу иш-чараларга расмий түрдө тыюу салуу боюнча кайрылдым эле. Менимче, республикалык штаб бул маселе боюнча өзүнчө расмий чечим кабыл алса туура болот», — деди С.Жээнбеков.

Мамлекет башчы бардык ооруканаларда жана обсервацияларда орундардын санын көбөйтүү керектигине көңүл бурду. Зарылдык жаралса бейтаптарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн кошумча орундарды түзүүнү кошумчалады. Мындан тышкары коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында бардык иш-чаралар өз маалында жана артыкчылыктуу тартипте каржыланышы керектигин баса белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынына мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдери катышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.