COVID-19: Адам өмүрү менен күрөшкөн ак халатчандардын катары суюлуп баратат

Окуялар тизмеги 05 Июл 2020 01:38
0 ой-пикир

Кыргызстанда кийинки күндөрү коронавирус жана пневмония менен ооруган жарандар көбөйүп, илдеттен каза болгондордун саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Эң өкүнүчтүүсү, алардын арасында оору менен тайманбай күрөшүп жаткан ак халатчандар бар. Бул аёсуз күрөштө биз алардын эң мыктыларынан айрылып жатабыз.

Акыркы суткада медицина илимдеринин доктору, профессор Абдыманап Муратов каза болду. 59 жаштагы Муратов пневмония менен ооруп жаткан.

Ал президенттин жана өкмөттүн аппаратында бөлүм башчы катары иштеген. Саламаттык сактоо министринин орун басары, кийин Билим берүү министринин орун басарлыгын аркалаган. Акыркы жылдары дарыгерлик кесибине кайтып келген.

COVID-19 жугузуп алган дагы бир дарыгер Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы 62 жаштагы Эдил Садыков да акыркы суткада көз жумду.

Кыргызстандын башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев билдиргендей, пневмониядан ооруп жаткан учурлардын баары коронавирус жуктуруп алгандар. Өлкөдө COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын белгилеген.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, март айынан бери пневмониядан каза болгондордун саны 151 адамды түздү. Ал эми коронавирус 78 жарандын өмүрүн алды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.