Бабанов отелди оорукана үчүн берет жана медперсоналын каражат менен камсыз кылат

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 14:12
0 ой-пикир

Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарындагы өзүнө караштуу DISCOVERY мейманканасын оорукана үчүн пайдаланууга сунуштады. Бул тууралуу экс-премьер-министр Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Ошондой эле Бабанов ооруканада иштей турган медицина кызматкерлеринин айлык акы, тамак-ашы менен камсыздоого жана башка дарыгерлерге 5 млн сом бере турганын кошумчалады.

«Мен дагы тилектештерим менен сыртта тура албайм Учурда бул илдетке жеңил жана орточо оордукта чалдыккандар текшерилип, дарылануусу үчүн мейманкананын негизинде күнү-түнү иштечү оорукананын убактылуу бөлүмүн ачып жатабыз.

Мен DISCOVERY отелинин ээлери – досторум Руслан Хамхоев менен Жамал Ибрагимовго элибизди ойлоп, бизге отелин бергендиктери үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем. Алар коронавируска байланыштуу ансыз деле 3-4 ай иштебей, чоң чыгымдарга кабылгандарына караган жок.

Ал эми мен болсо иш алып бара турган дарыгерлердин, медайымдардын жана отель кызматкерлеринин айлык акысын, тамак-ашын, ал жерде жашоо шартын, жана техникалык муктаждыктарды камсыздоону өзүмө алам. Бюджеттен каражат тартылбайт!

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, дарыгерлерибизди кызматтык күнү менен чын дилимден куттуктап кетким келет. Биз баарыбыз сиздерге таазим кылабыз.

Кыргызстандыктарга болгон боорукердигиңиздер, камкордугуңуздар үчүн ыраазычылык билдирип, мен келе жаткан жумада 5 000 000 сомду дарыгерлердин өз эсептерине которуп берем. Орточо эсеп менен 700-800дөй медкызматкер алат, анын ичинде дарыгерлерге 10,000 сомдон жана медайымдарга 5,000 сомдон болот.

Учурда мекемелерди жана тизмелерди аныктап жатабыз, бул дагы такталат, бирок төмөнкү беш бейтапкана дагы тизмеде:
• Улуттук госпиталь;
• Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
• Улуттук фтизиатрия борбору;
• Улуттук онкология жана гематология борбору; жана
• Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы,» — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Бабанов коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5 миллион сом бөлгөнү айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.