Польшалык жазуучу Генрик Сенкевичтин романынын негизинде тартылган “Суу ташкыны” деп аталган тасма бар.
Трилогияда Европада бир учурда күчтүү болгон держава Речь Посполитанын кыйрап баштаган маалы чагылдырылат. Мыкты китеп, мыкты тасма. Биз балдар менен Даниел Ольбрыхский аткарган баш каарман Анджей Кмицецке суктанар элек. Тасмада чепти курчап турган душмандардын негизги куралын жардырган эпизод бар. Аны көргөндөн кийин биз турниктен түшпөй, бир колубуз менен турникти, экинчи колубузга гантель же кандайдыр бир жүктү кармап тартынууга аракет кылчубуз. Себеби баш каармандын эрдиги дал ушунда болчу. Болгону анын колунда гантель эмес, порох салынган мүшөк бар эле.
Речь Посполита – укмуштуудай өлкө болгон, анын аталышынан эле ал республика болгонун билсек болот. Мамлекеттин түтөлүүсү да кызыктуу. 1410-жылы Польша Королдугунун жана Литванын Улуу Герцогунун биргелешкен армиясы Грунвальддеги салгылашууда Тевтондук Орденди жеңген. Акыркысы утулгандан кийин калыбына келе албай, тарых сахнасынан түшкөн. Бир жарым кылымдан кийин жеңүүчүлөр азыркы ЕБ мамлекеттернин прототибин түзүшкөн. Дагы эки жүздөн ашуун убакыт өткөндөн кийин мамлекет Россия империясы, Пруссия жана Автриянын ортосунда бөлүнүп кеткен. Бул схемалык эскиздин артында, албетте, аны түзгөн элдердин жеңиши жана жеңилүүсү жөнүндөгү кайгылуу окуя турат. Классикалык тарыхый сценарийлердин бири, бул бир нече жолу болгон жана боло берет.
Мен мындан төмөнкүдөй жыйынтыкка келдим: өлкөгө туура эмес маалда берилген демократия – бул кыйроого алып келет. Речь Посполита Улуу француз төңкөрүшүнө чейин “Жаран” деген түшүнүк киргизген. Ар бир эркин поляк жана литвалык шайлоого катышууга жана шайланууга укуктуу болчу. Алар европалыктардын арасынан биринчилерден болуп монархия түшүнүгүн жок кылышты. Речь Посполитанын падышалары держава түзүлгөндө башында такты мураска алып, кийин алар шайлана башташкан. Мындай жагдай ак сөөктөрдү таң калтырган эмес. Магнаттар жана княздар өздөрүн таажыга татыктуу деп эсептешип, падышанын буйруктарына баш ийбей, жада калса, тышкы коркунучтар болгон учурда дагы ишенимдүү аскерлерин алып, чогулуштарга келбей коюшчу. Жана башка ушул сыяктуу. Алардан майда дворяндар дагы кем калышкан эмес. Менменсинген козголоңчулар бийликке баш ийгиси келген эмес, бирок шайлоо укугун болушунча колдонушкан. Кыскасы, башаламандык болчу. Ошол маалда башка коңшу өлкөлөр падышаларынын, императорлорунун абсолюттук бийлиги алдында күчтөнө беришкен.
Дворяндардын темирдей тартиби, баардык нерсеге, кыйынчылыктарга жана сыноого даяр болгон момун эл. Дал ошолор 1795-жылы бир убакта борбордук-европадагы күчтүү арстандын терисин сыйрып, ич ара бөлүп алышкан.
Жалгандан курулган жомок. Быйыл күздө Кыргызстандын парламентин шайлоо болот. Бийлик, партиялар, шайлоочулар даярданып жатышат: бири сатып алууга, бири сатылууга. Добуштарды сатып алуу иши олигархтардын колунда. Добушту сатпай, кедей бирок чынчыл адамды шайлоого болгон чакырыктардан 20 жылдан бери майнап чыкпады. Алдыдагы шайлоодо абал башкача болоруна ишенүү – кечирилгис ишенчээктик. Суроо: биз жалпы шайлоо укугу жана парламентаризм үчүн бышып жетилдикпи?
Автор: Мусуркул КАБЫЛБЕКОВ, публицист
Макала бул жерде жарыяланган.