Өлкөдөгү медициналык мекемелерде орундар жетиштүү, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
«Акыркы күндөрү COVID-19ду жугузгандардын саны кескин көбөйдү. Өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында илдеттин жуктургандар көп болууда. Дароо эле айтайын, бүгүнкү күндө ооруканаларда орундар жетиштүү санда. Адистердин божомолунун жана биздин өз учурунда көргөн аракетибиздин негизинде даярдык көрүлдү», — деди Боронов.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 28-июнуна карата республика боюнча өлкөдөгү медициналык мекемелерде даярдалган 1976 орундун 1047сине бейтаптар жаткырылды. Калган 929 орун бош:
№ 1 таблица. Республика боюнча орундар
№ | Облусу/шаары | Жалпы орундар | Бош эмес | Калганы |
1 | Бишкек | 587 | 225 | 362 |
2 | Ош жана Ош облусу | 500 | 218 | 282 |
3 | Ысык-Көл | 51 | 14 | 37 |
4 | Талас | 150 | 14 | 136 |
5 | Нарын | 125 | 38 | 87 |
6 | Жалал-Абад | 327 | 57 | 270 |
7 | Баткен | 122 | 13 | 109 |
8 | Чүй | 114 | 51 | 63 |
«Учурда ооруканаларда орундар жетиштүү санда. Бирок акыркы учурда бейтаптын саны көбөйүп жатканына байланыштуу орундар тез эле толуп калышы мүмкүн. Ошондуктан жаңы орундарды даярдоо боюнча бир катар чаралар кабыл алынды. Мисалы: Воронцовкада 120, мурдагы Ганси авиабазасында – 600 орун даяр, «Ак-Кеме» мейманканасында жана № 1 шаардык ооруканада жана башка жерлерде орундар даярдалды. Ошондой эле өпкө оорусу менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Алардын саны учурда 289 адамды түзөт. Өпкө оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн жалпысынан 553 керебет-орун даярдалды. Бардык облустарда мамлекеттик органдар орундарды даярдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө», — деди өкмөт башчы.
№ 2 таблица. Өпкө оорусу менен жаткан бейтаптар үчүн орундар (COVID-19 инфекциясы жок)
№ | Медициналык мекеме | Жалпы орун | Бош эмес |
1 | Фтизитария улуттук борбору | 70 | 38 |
2 | Темир жол ооруканасы | 40 | 38 |
3 | Улуттук хирургиялык борбор | 13 | 13 |
4 | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана майыптарынын улуттук госпиталы | 90 | 55 |
5 | Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо улуттук изилдөө институту | 340 | 67 |
«Орундардын жетишсиздиги боюнча кооптонуу, баарынан биринчи айрым жарандардын дүрбөлөңгө түшкөнүнө байланыштуу. Бардыгын ооруканага жаткыруу мүмкүн эмес. Дарыгерлер кармана турган атайын алгоритм жазылган. Кимге үйдөн дарылануу керектиги айтылса, алар режимди катуу сакташы керек. Алар аймактык дарыгердин көзөмөлүндө болушат», — деди Кубатбек Боронов.