Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июнда Эркиндик бульварынан баштап Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнө чейин эл көп чогулуучу жайларда, банк, дарыканаларда, аялдамаларда, жер өткөөлдө, ири соода борборлордун алдында жана ошондой эле Орозбеков көчөсүндө жайгашкан Эталон-Строй, Көк-Сай, Айдин, Шар-Чебер жана Арпа кичи базарларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы аянты 14080 чарчы метрди түздү.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын Орто-Сай базарында жана айланасында жайгашкан соода түйүндөрдө, дүкөндөрдө, аялдамаларда жөө кол чачкычтар менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы аянты 6700 чарчы метрди түздү.
Дезинфекциялоо иш-чаралары уланмакчы.