Кыргызстанда соттолгон адамдын гана эмес, ошону менен бирге бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүн конфискациялоо эрежеси мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан киргизилген. Бул тууралуу мурдагы калаа башчысы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Тюлеев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Мен соттун чечимине баа бере албайм. Буга чейин мен Атамбаев менен бирге анын тарапташтарына акыйкат сот каалай тургандыгымды билдиргем. Бүгүн минтип сот болуп өтүп, кандай чечим кабыл алынгандыгы барыбызга жакшы маалым. Албетте, мен Атамбаевди табалабайм жана мындайды душманыма да каалабас элем. Тилекке каршы, бул система Атамбаевдин жеке аракетинин негизинде калыптанган», — дейт Тюлеев.
Мындан соң ал Атамбаевдин өзүнө кайрылып:
«Сиз түзгөн система бир кездерде мага карата кандай басым жасаган болсо, бүгүн ал сиздин өзүңүзгө карата урулган сокку болду. Бул тууралуу мен эмес, эксперттер айтышууда. Эсиңизде болсо, мен жана менин туугандарым ММКлар аркылуу бир нече жолу Сизге кайрылышкан. Албетте, мен чейин, башкача айтканда жүргүзгөн бизнесиңиздин натыйжасында иштеп тапкан мүлкүңүздүн конфискацияланышын туура эмес деп эсептейм. Мындай болбош керек эле. Бирок, бул системаны Сиз түзгөнсүз, эми аны өзгөртүү үчүн дагы далай күч-аракеттер жана реформалар талап кылынат. Сиз экөөбүз бул тууралуу самолётто дагы сүйлөшкөнбүз. Сот адилеттигин орнотуу, чыныгы мамлекеттик башкарууну, ошондой эле мыкты экономиканы түзүү үчүн сизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар эле. Башкача айтканда, Сиз мамлекетти 6 жыл бою башкардыңыз, бирок бул мезгил аралыгында Сиз, тилекке каршы болгон күч-аракетиңизди оппозицияны жана сөз эркиндигин басууга, ой-мүдөөңүзгө жана туура эмес коюлган максаттарыңызга каршы пикир айтышкандар менен күрөшүүгө жумшадыңыз.
Батукаевдин иши боюнча айта турган болсок, өтүнүч экендигин белгилеп, аны түрмөдөн чыгаруу тууралуу буйрук бердиңиз. Сиздин коркок генералдарыңыз эми минтип сизди сатып кетишти, же андай эмеспи? Башкача десеңиз, Батукаевди бошотуу боюнча кимдир бирөөлөрдүн өтүнүчүн аткаруу үчүн Сиз мүмкүн болгон жана болбогон нерселердин бардыгын аткардыңыз. Бүгүн минтип Сизди асманга көкөлөткөн, кара кылды как жарган принципиалдуу адам катары көрсөткөн көпчүлүк кадрларыңыз кара жаны үчүн бүтүндөй күнөөнүн баарын сизге оодарып салып баса беришти. Башкача айтканда, бул ишке түздөн-түз катышкан ондогон адамдардын ичинен жалгыз гана сиз темир тор артында отурасыз.
Ошентсе да, Сиз кубанууңуз керек. Себеби, сиздин жакындарыңыз менин урук-туугандырымдай кысымга алынган жок. Социалдык тармактарга назар салган киши алардын ээн-эркин эле жашап жүрүшкөндүктөрүн көрөт.
Менин күнөөм сотто далилденген эмес. Ал эми Эсептөө палатасынын аудитору актыны чындыкка коошпогон сүрөттөр боюнча жазууга мажбурлашкандыгын айткан. Прокурор болсо, сот өндүрүшүн одоно бузуу менен иш материалдарында жок каяктагы бир документтерге шилтеме жасаган.
Ар кыл экспертердин менин эч кандай күнөөм жок экендиги тууралуу айтканына карабастан, бардыгы Сизден буйрук болгондугун жана аткарбай коюу мүмкүн болбой жаткандыгын айтышкан. Мунун негизинде, мен мэр боло электе жыйнаган мүлкүм, ал тургай илгери эле ажырашып кеткен аялымдын мал-мүлкү конфискацияланган. Мындай эреже бир дагы мыйзамда каралган эмес. Мен сизге кайрылганымда, мага: «Нариман, жөн эле төлөп кой да, чыга бер» – деп айттырыпсыз. Ооба, мен төлөдүм. Бирок, сизден коррккондугум үчүн эмес, мени менен бирге сот жообуна тартылып жаткандар амнистия боюнча бошонуп кеткей эле деген ой менен төлөдүм.
Сиз да эркектик кылып төлөңүз! Сиз менен кошо башкалар, алардын үй-бүлөлөрү жабыркады. Зыянды төлөсөңүз алар жакындарына тезирээк кайта алышат. ЖЭБ боюнча мамлекетке келтирилген зыян 5 млрдды түздү, Музей, ат майданы, Түштүк жолдун курулушу боюнча андан көп болушу мүмкүн. Башка иштер да чыгат, ал жерде да зыян келет. Натыйжада 15 миллиарга жакын зыян чогулат.
Мультимиллионермин деп дайыма мактанчу элеңиз. Демек, төлөй аласыз, төлөп коюп, тынч жашаңыз. Кудай буюрса, сиз айыгып, эркиндикке чыгасыз. Сиздин жашаганга дагы убактыңыз бар, ал эми акча бул суу. Кедейчиликте калбайсыз».
Белгилей кетсек, 23-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу сот өкүмү чыкты.
Ишти караган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп таап, аны 11 жыл, эки айга эркинен ажыратты. Ошондой эле II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратты жана мүлкүн конфискациялады.