Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы: министрге эскертүү, облус башчыларынын жоопкерчилиги каралсын

Окуялар тизмеги 20 Июн 2020 08:30
0 ой-пикир

Кыргызстанда акыркы күндөрү эпидемиологиялык кырдаалдын курчушу байкалууда. 19-июнга карата коронавирус инфекциясы жуккан 132 жаңы учур катталды. Бул пандемия башталгандан бери өлкөдөгү бир суткада вирус аныкталган эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин 16-июнда бир суткада 100, 17-июнда 90, 18-июнда 95 адамдан оору табылган.

Коопсуздук кеңеши 19-июнда чукул жыйынга чогулуп, өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады. Натыйжада бир катар чечимдерди кабыл алды.

Коопсуздук кеңеши коронавирус илдетинин жайылуусуна жол бербөөгө жооптуу министрликтин жана жергиликтүү бийликтердин иши жетишсиз деп тапты. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго эскертүү берилди.

Жыйындын чечимине ылайык инфекциянын жайылуусуна байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бергени үчүн облустардагы өкмөт өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароо 22-июнга чейин премьер-министр Кубатбек Бороновго сунушталды.

Ошондой эле өкмөткө Коопсуздук кеңештин январь-апрель айларында кабыл алынган чечимдерди аткаруу, коронавируска чалдыккандар үчүн жасалма дем алдыруучу аппараттар, жеке коргонуу каражаттары жана дары-дармектер менен жабдуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо, өлкөдө эпидемиологиялык көзөмөлдү талаптагыдай камсыз кылуу, кырдаалдын курчушунун алдын алуу чараларын кабыл алуу тапшырмасы берилди. Бул иштер 1-июлга чейинки мөөнөттө аткарылууга тийиш.

Ал эми 1-августка чейин:

— Бир жылга жеткидей, бардык муктаждыктарды канааттандырган жеке коргонуу каражаттарын жана дезинфекциялоо каражаттарын;

— Коронавирусту аныктоочу анализдерди аныктоочу тест-системаларды;

— Инфекциянын таралышын алдын алуу, анын ичинде медициналык кызматкерлерге кенемте акысын мөөнөтүндө төлөө;

— Гуманитардык жана финансылык жардамдар, аларды бөлүштүрүү жана максаттуу пайдалануу боюнча маалыматтарды берүү;

— Тобокел тобундагы пенсиялык курактагы адамдардын коопсуздугу үчүн аларга эл көп чогулган жерге барбай, беткап кийүү зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары массалык маданий иш-чараларды өткөрүүгө, той-аштарды, эскерүү чараларын көп адамдардын катышуусунда уюштурууга тыюу күчүндө калтырылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.