Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу калаа башчысынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.
“Учурда мэр үй изоляциясында болуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда”, — деди ал.
Анын айтымында, Суракматовдо оору жеңил түрдө өтүп жатат.