Жээнбеков: Талаптарды аткарбай жаткан коомдук транспорт компанияларына катуу чаралар көрүлүшү керек

Окуялар тизмеги 19 Июн 2020 13:30
0 ой-пикир

Кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы бул тууралуу өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө кырдаал режими алынып, комендатуралардын иши токтогондо эле эскерткендигин эске салды.

Ал облустардын жетекчилеринин, райондордун акимдеринин, шаар мэрлеринин кырдаал үчүн жеке жоопкерчилигин дагы бир ирет баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков коомдук транспорт илдетти жугузуп алууда дале эң кооптуу жай боюнча калып жатканына көңүл бурду.

«Талаптарды аткарбай жаткан коомдук транспорт компанияларына карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Ресторан, кафелерге уруксат берилген. Бирок, алар да коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү», — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы бул илдетти алдын алууга ар бир жаран катышууга жана дарыгерлердин айткандарын аткарууга милдеттүү экенин кошумчалады.

Айрым жарандар өздөрү оорубай, бирок вирусту алып жүрүүчү катары коомго коркунуч жаратып жатканын баса белгиледи.

«Ошондуктан коомдук жайларда беткап режимин катуу сактоо, оорунун белгилери байкалса, обочолонуу талаптары актуалдуу бойдон калууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент илдетти жугузуп алуу тобокелдиги чоң болгон кары-картаңдарга кам көрүүнү күчөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары, чет элден келип, 14 күнгө карантинге, обсервацияга алынгандар катуу көзөмөлдө болушу керектигине көңүл бурду. Себеби, коомчулукта ушул сырттан келгендер эле жугузбаса, кайдан жугуп жатат деген сөздөр арбын.

Президент Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабга, Саламаттык сактоо министрлигине, облус жетекчилерине, район акимдерине жана мэрлерге илдет менен күрөшүү темпин мурдагыдан да күчөтүү талабын койду.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир суткада вирус аныкталган эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин, 16-июнда вирус бир суткада 100 адамдан аныкталган. 17-июнда 90 адамдан, 18-июнда 95 адамдан оору табылган.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта белгилүү болгон. Учурда жалпы ооруга чалдыккандардын саны 2789 адам. 1961 киши сакайып кетти. 32 адам оорудан көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.