Президент Сооронбай Жээнбеков жума сайын коронавируска тест тапшырып жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева АКИpress агенттигине билдирди.
Анын айтымында, президенттин аппаратынын кызматкерлеринин 60%ы аралыктан иштеп жатышат. Ал эми өз ордунда, тактап айтканда каттап иштегендер дагы жума сайын COVID-19 вирусуна тест тапшырат.
«Жумушта талап кылынган бардык санитардык-эпидемиологиялык чаралар көрүлүп жатат, бет кап режими катуу сакталууда», — деп билдирди Стамалиева.
Белгилей кетсек, бүгүн Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев коронавирус жуктуруп алганы маалым болду. Район башчысы 11-июнда аталган аймакка иш сапар менен барган президент Сооронбай Жээнбековду коштоп жүргөн болчу.
Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчы иш сапардан кийин тест тапшырып, жыйынтыгы таза чыкканын кошумчалады.