Парламентке жаштар келсин! Ушундай чакырыктын алдында 2020-жылдагы эң негизги саясий окуя болгон — парламенттик шайлоого даярдануу башталды. Мага бул: “Учакка комсомол” деген башка чакырыкты эске салды. Ар башка доор, жок болгон өлкө. Башка горизонттор. Бийик кыялдар. Эки башка чакырык. Бири интригаларга толгон соодагерлер залына алып барса, экинчиси жаштарды асманды багындырууга чакырып, жаштыкка канат берип турган.
Кызык, парламентке аттанып жаткандар чындыгында эле буга чейинки депутаттардан мыкты болобуз деп ишенишеби? Партияга кошулуп жаткан жаштардын көбү шайлоо алдындагы ат салышууга акча төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Ал катарына чакырган партиялардын жашыруун фонддорунан төлөнөт. Кыргызстандагы партиялар – бул парламентке келүү максатын көздөгөн сасий ишкана же ЖЧК сыяктуу болуп калды. Алардые ар биринде кадимки олуттуу уюмдардагыдай эле вертикалдык түзүмдөрү бар. Акция кармоочулары, директорлор кеңеши, менеджменти жана катардагы кызматкерлери бар. Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, акыркы категорияны жаштар, аялдар, улуттук азчылыктар бар. Алардын максаты – теңчиликтин бар экенин көрсөтүү: гендердик, улуттук, жаш курак теңчилиги. Бул катардагы адамдар акция кармоочулардын толук көзөмөлүндө экени сыр эмес. Өз убагында Атамбаев бул системаны демонстрация кылган. Ал эл алдында Жанар Акаевди сындап, «балашканын» депутат болгонуна Атамбаевдин салымы чоң экенин айткан.
Партиянын акцияларын кармаган негизги адамдар ири же орто бизнестин өкүлдөрү. Алар партиянын парламентке келүүсүнө каржылык жана добуш жагынан колдоо көрсөткөндөр. Кыргызстанда ишкердик дүйнөсү аткаруу бийлигинен көз каранды жана алар “сен мага, мен сага” деген принцип менен кызматташып келишет. Бул симбиоздун түшүмү өлкөдөгү саясий системанын башаламандыгына алып келет. Мындай абал эч кандай паритетке, тең салмактуулукка алып келбейт.
Чын чынына келгенде депутаттардын аткаруу бийлигинен көз каранды болуусунун сыры тереңде. Анын түбү капиталды топтогон мезгилге барып такалат: уурдоо, мыйзамга каршы менчиктештирип алуу, салыктардан качуу сыяктуу иштерден келип түшкөн каражатка алып барат. Муну Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев дагы белгилеген болчу. “Мен ар бириңерди колуңардан алып барып, түрмөгө камап кое алам”, — деген бизнес-коомчулукка жана Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып. Атамбаевдин жана ага чейинки президенттердин диктатурасы деле ушундай пайдубалдан түптөлгөн.
Жээнбековдун маалында абал өзгөрдү деп айтсак аша чапкан болобуз. Анын үстүнө шайлоо алдындагы ат салышуунун башталганы да муну далилдеп турат. Баары мурунку көнүмүш адат менен эле бара жатат – бийликтин сүймөнчүк партиясы, күчтөрдүн биригүүсү, бир партиядан экинчисине секирүү. Азыртадан эле кайсы партиялар парламентке өтүп, көпчүлүк коалициясына кирери, кимге квота берилери, кимди куурчак оппозиция кылары белгилүү. Көздөрү күйгөн жаштар депутат болуп, мунун баарына чекит коет деген божомолдор сынга көмүлүп калууда.
Коомчулук эми ызы-чуу менен коштолгон шоуларды көрүүгө даяр болушу керек. Албетте нааразычылыктар, партиядан куугунтук жегендер да болот, бирок бул негизги күчтөргө эч кандай таасир бере албайт.
Автор: Мусуркул КАБЫЛБЕКОВ, публицист
Макала бул жерде жарыяланган.