Кыргызстанда бир топ белгилүү саясий бирикмелер «Ата-Мекен» партиясынын айланасында биригишип, «Жаңы дем» аттуу альянс түзүшкөндүгү белгилүү.
Алардын арасында Социал-демократиялык тобунун өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков да бар. Эл өкүлү альянска эмне себептен кошулгандыгын, президент Сооронбай Жээнбеков болгон жеке мамилесин жана учурдагы курч маселелер боюнча пикирин ачыктады.