«Чоң Казат» кыймылдын лидерлери президент Сооронбай Жээнбековго социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу жөнөтүштү. Анда кыймылдын мүчөлөрүнө карата укук коргоо органдары тараптан кысым болуп жатканы айтылган.
Ошондой эле Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеев жана Канат Хасанов президент менен жолугушууну суранышкан.
Айтымдарына караганда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери кыймылдын лидерлеринин туугандарынын байлыктарын текшеришүүдө.