Фоторепортаж — Аймактар менен санарип диалог

Окуялар тизмеги 04 Июн 2020 20:06
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, облустардын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен санарип диалог өткөрдү. Анда аймактарды санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери жана Covid-19 инфекциясы менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар  талкууланды.

Жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев менен билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков учурдагы алдыңкы санарип технологиялардын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү, аралыктан окутуу формасынын келечеги жана кемчиликтери жөнүндө презентация жасашты.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, облустун жетекчилери жер-жерлердеги санарип долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришти. Ошондой эле эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып беришти.

Илдеттин жайылып кетүү коркунучу сакталып турган шартта экономикалык ишмердүүлүктүн субъектилеринин, уюмдардын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн иштеринин уюштурулушун белгилешти.

Мындан сырткары, өлкө Президенти менен болгон диалогдун катышуучулары инфратүзүмдүк долбоорлордун, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация түйүндөрүн кеңейтүү долбоорлорунун ишке ашырылышына жана аймактарда ишкердик активдүүлүктү өстүрүү боюнча мындан аркы пландарына токтолушту.

«Өлкөбүздү санариптештирүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктаганыбыз өз убагында башталган, туура саясат болгонун турмуш өзү көрсөттү», — деп белгиледи Президент.

Санариптештирүү боюнча этап-этабы менен чаралар мамлекеттик кызмат көрсөтүү, социалдык жактан тейлөө, билим берүү чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү улантуу үчүн жакшы негиз болуп бергенин белгиледи.

«Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал аймактардагы топтолуп калган бир топ кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды, ошондуктан региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет. Аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар күчөтүлөт», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы шаарлар менен облустардын жетекчилерин жер-жерлерде коронавирус инфекциясы менен күрөштү күчөтүүнү активдештирүүгө, зарыл болгон санитардык талаптардын баарын жарандар тарабынан сакталышын камсыз кылууга, ишканаларды жана коомдук жайларды дезинфекциялоого өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптик трансформациялоонун мамлекеттик саясатынын алкагында жер-жерлерде комплекстүү чараларды ишке ашыруу жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн облустардын, шаарлардын жана райондордун жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.