Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын жетекчилик алмашып, 69 жаштагы Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков партиянын төрагасы болуп шайланды.
Тарыхы бай бул партия Жогорку Кеңеште 38 мандатка ээ болуп, эң көп сандуу парламенттик фракция болуп эсептелет. КСДП фракциянын жетекчиси депутат Иса Омуркулов партиянын жаңы лидери жөнүндө, анын ажырымы жана соңку жиктешүү тууралуу «Коом пресс» сайтына маек курган.
Назарыңыздарга, бул маектин кыскача мазмунун сунуштайбыз.