«Бишкек парк» соода борборуна айып пул салынды

Окуялар тизмеги 31 Май 2020 13:05
0 ой-пикир

Карантин режиминин талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкектеги бир катар кафелер, «Бишкек Парк» соода борбору жана базарларга айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, райадминистрациялардын мобилдүү топтору Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, Мамлекеттик санитардык жана экологиялык инспекциянын кызматкерлери жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте санитардык нормалардын сакталышын текшерүү үчүн рейд жүргүзүштү.

Карантин учурунда эреже бузгандардын тизмесине:

— «Кудайберген», «Уста» жана «Элитстрой» базарлары;

— «Asgard», «Ходжа Насреддин», «Восточка», «Хабиби», «Таймаут», «Avenu», «Giraffe Coffee» кафелери;

— «Бишкек парк» соода борбору кирди.

Эреже бузгандарга карата Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 150-беренеси (Техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык стандарттардын жана коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу) боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынды

«30-майга карата жалпы 300 миң сом өлчөмүндө 70 протокол түзүлгөн. Негизинен кафе жана ресторандар эрежелерди бузушкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.