Аялы жашыруун маалымат таркаткан милиция кызматкери жазаланды

Окуялар тизмеги 23 Май 2020 19:26
0 ой-пикир

Жубайы жашыруун маалымат тараткандыгы үчүн милиция кыматкерине сөгүш берилди. Бул туурадуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкери ооруга кабылгандар менен байланышта болгондорду аныктоо үчүн коронавируска кабылган бейтаптардын тизмесин алган. Анын жубайы жашыруун маалыматты туугандарына жөнөтүп, алар социалдык тармактарга таратып жиберишкен. Мындан соң сегиз жарандын жеке маалыматтары интернетке чыгып кеткен.

Мыйзамга ылайык, коронавирусту жуктурган же алар менен байланышкан адамдардын жеке маалыматтарын жайылтууга эч кимдин укугу жок.

Мындан улам Ош ШИИБдин №10 бөлүмүнүн кызматкеринин жубайынын үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуя жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу беренеси боюнча катталган. Ал эми милиция кызматкерине Ош ШИИБдин башчысы тарабынан сөгүш берилди.


Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.