Нарында бир күн ичинде 8 милиция кызматкеринен коронавирус табылды

Окуялар тизмеги 19 Май 2020 10:56
0 ой-пикир

Нарын облусунда бир күн ичинде коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Алардын арасынан 8и милиция кызматкери. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Нарында Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин арасында коронавируска текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

«Ал текшерүүнүн негизинде 8 учур аныкталды. Алар ооруканага жаткырылып, дарыланууда», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-майга карата коронавирус жуктурган 27 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1243тү түзөт. Алардын ичинен 898 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.