Кыргызстанда кылмыш жасап, эл аралык издөөдө жүргөндөр Россияда кармалды

Окуялар тизмеги 18 Май 2020 16:24
0 ой-пикир

Кыргызстанда кылмыш жасап, өлкөдөн качып, эл аралык издөөгө алынган адамдар Россиянын аймагында кармалды.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2003-жылдан бери ЖАМК тарабынан издөөдө жүргөн 1952-жылы туулган Д.М. аттуу жаран кармалды. Ал абактан качып кеткен.

Ага чейин, тактап айтканда 1997-жылы Ош шаардык сотунун чечими менен Жазык кодексинин (эски редакция) 235-беренесинин 2-бөлүмү (башкага берүү максатында баңги каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же өткөрүү) боюнча 11 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка эркиндигинен ажыратылган болчу. 2001-жылы Мунапыс жөнүндө мыйзамдын негизинде жазасын өтөө мөөнөтү кыскартылып, соттун чечими менен жатак абакка которулган. Бирок Ош шаарында жайгашкан жазаларды аткаруу мекемесинен качып кеткен.

2014-жылдан тартып Сокулук РИИБ тарабынан издөөдө жүргөн Талас облусунун тургуну кармалды. 1988-жылы туулган Ж.Д. ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча айыпталган. Ал жабырлануучуну чет мамлекеттик валютаны жогорулатылган курс менен алмаштырып берем деп алдап, 449 000 сом алып кеткен.

Ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча 2014-жылдан бери кармалбай келген М.К. (аял киши) Ош облусунун тургуну болчу. Ал 2013-жылы күйөөсү менен бирге чет өлкөдөн товар алып келе турганын айтып, жабырлануучудан 7,5 миң доллар алган.

Ошол эле жылдын октябрь айында жабырлануучудан дагы 100 000 сом алып, качып кетишкен.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү мыйзамсыз иштерди жасап, издөөдө жүргөн жарандарды табуу иштерин улантып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.