Бишкекте милиция ок чыгарды. Окуянын чоо-жайы

Окуялар тизмеги 18 Май 2020 13:04
0 ой-пикир

Бишкекте милиция карантин эрежелерин бузгандарды токтотуу максатында асманга ок атты. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 17-майдын кечинде Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы ачылган паркта орун алган.

Бир топ адам топтолуп, коронавирустун жайылышына алып келчү кооптуу абал түзгөнү, милициянын санитардык-гигиеналык эрежени сактоо жана парктан кетүү тууралуу талабына баш ийбестен агрессивдүү мамиле кылгандар болгону, чыр башталып, алар күч кызматкеринин табелдик куралын тартып алууга аракет кылганы айтылды.

Милиция кызматкери асманга ок атып, ошондон кийин гана алар токтогону белгиленди.

Факт Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын Кылмыштар жана жоруктар реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Эске сала кетсек, коронавирустан улам айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май саат 24.00дө аяктап, коменданттык саат жокко чыгарылган. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Ошол эле учурда Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин режими киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.