Антисептиктин ордуна айнек тазалаган каражат. Санэрежелерди сактабагандарга айып пул салунууда

Окуялар тизмеги 18 Май 2020 11:13
0 ой-пикир

Борбор калаада акыркы үч күн аралыгында санитардык эрежелерди сактабагандарга 228 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар ишкерлерди текшерүүнү улантууда. Орто-Сай жана Ош базарларынын айланасында рейд уюштурулуп текшерилген. Райондук акимиаттын, РИИБ, ӨКМ, санитардык-экологиялык инспекция жана  мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери жана муниципалдык аймактык башкаруу органын кызматкерлери дүкөн, сулуулук салондорду кыдырып чыгышты.

Бузууларды тез арада калыбына келтирүү эскертме Жунусалиев көчөсүндөгү 155 дарегинде жайгашкан Yoyo балдар дүкөнүнө берилди.

«Биз соодо түйүндүн ээси менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, онлайн иштеп, дүкөн ичине кардар кабыл албоону сунуштадык», — деп айтылат маалыматта.

Анын жанындагы брокердик клубда антисептиктин ордуна айнек тазалаган каражат турган.

Ош базарынын жанында мобилдик телефондор үчүн аксессуар саткан дүкөндөр ачык болгон. Сатуучулардын ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Карантин талаптарын бузгандардын баары бузуулар боюнча Кодекстин 150 жана 239-беренелери боюнча жоопкерчиликке тартылышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.