Баткен: санитардык талаптарды сактабаган 28 ишканага айып салынды

Окуялар тизмеги 17 Май 2020 11:40
0 ой-пикир

Баткен облусунда 11-майдан тарта ишин жанданткан тармактарга күн сайын рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптар көзөмөлгө алынууда.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 11-майдан бери ишканаларга 202 санитардык талаптарды сактоо боюнча эскертме кат берилген.

«Ага карабай талаптарды аткарбаган 117 ишканага эскертүү берилип, 28 ишканага айыппул салынган», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.