Семетей АМАНБЕКОВ —Elgezit.kg редакциясынын редактору.
8-майда, кечинде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Рамазан айында, Улуу Жеңиш күнүн майрамдоо алдында, коронавирус пандемиясы учурунда Баткен облусунун Чек аймагында курал колдонулган чек ара чыры катталды.
Тараптар бири бирин такталбаган аймакка кирип кетти деп күнөөлөп, ок чыгарганга чейин барышты. Тажик тарап экинчи жолу миномет колдонду. Кыргыз тараптан 3 адам жаракат алды (2 чек арачы жана бир жергиликтүү тургун), тажик тараптан 2 адам.
Чырды тез токтотууга мүмкүн болду. Дароо эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү сүйлөшүү иштерин башташты, андан соң Өкмөттүн деңгээлинде дагы сүйлөшүүлөр болду. Эки тарап тең чек арадан кошумча күчтөрүн алып кетишти. Облуста абал турукташты.
Чек арада мындай кагылыштар бат-баттан кайталанып турат. 2019-жылы 12 чыр чатак катталган. Чек арачылар көпчүлүк учурда курал колдонушат, тажик тарап 2 жолу миномет колдонду. Оор куралды колдонууга кандай жазалар бар экени азырынча белгисиз.
Пандемия жүрүп жатканда чырдын чыкканы өтө кооптуу. Азыр мамлекеттик органдардын бардык күчтөрү вирус менен күрөшүүгө багытталган. Карантиндин экономикалык кесепеттеринен улам чек ара чыры деген шылтоо менен кызыкдар күчтөр колдонуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан эки республиканын бийлиги бул маселени тезинен өзгөчө көзөмөлгө алуусу керек.
Чек арадагы чыр-чатакты тез чечүүгө эмне тоскоол болууда?
1. Юридикалык талаштар.
Эксперттер чыр-чатакты такталбаган жер жана суу маселесинен улам келип чыкканын айтышууда. Кыргыз бийлиги чек араны демаркация жана делимитация кылууда 1957-жылдагы картаны же альтернатива катары 1989-жылдагы картаны колдонууну сунуштап жатат, ал маалда демаркация иштери бүтүп, бирок Тажикстандагы жарандык согуш ишти толук аяктоого тосоолдук жараткан болчу. Ошол маалда түзүлгөн комиссия жер тилкелеринин факт жүзүндө колдонулуп жатканы боюнча чек араны аныктап, картада тиешелүү белгилерди койгон.
Тажик Өкмөтү болсо эки картанын тең легитимдүүлүгүн тааныбай, алар аймактар туура эмес бөлүнгөнүн белгилеп келишет. Алар негиз катары 1927-жылдагы картаны колдонууну сунушташууда. Ага кыргыз тарап макул эмес. Бүгүнкү күнү Өкмөттөр аралык жаңы комиссия түзүлүп, бирок карталардын кайсынысы колдонулушу керектигин чечише элек.
Ар бир юридикалык талаш процессти жайлатуу менен, көп суроолорду жаратып, карама-каршылыкты күчөтөт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн дагы көптөгөн жылдар керектелет, ошондуктан өз ара компромисске келүү керек, себеби бул маселе бир тараптуу чечилбейт эмеспи.
2. Демаркация кылууда тоодон түздүккө түшүү керек
Демаркация жана делимитация — узак процесс жана көптөгөн уюштуруучулук аракеттерди, энергияны, дипломатиялык аракеттерди камтыйт. Биздин Тажикстан менен болгон чек арабыздын узундугу 970 чакырым, анын 567 чакырымы (60 участокко жакыны) такталган, алардын ичинен 519у Өкмөттүк делегациянын деңгээлинде такталган болчу.
Бирок бул сандар да так эмес, алар делимитация буткөндөн кийин өзгөрөт, себеби чек арада өзгөрүүлөр болот, айрым участоктор бизге өтсө, кээ бирлери Тажикстанга өтөт. Мисалы, чек араны картада чийди дейли, ал эми факт жүзүндө ал чекте кимдир бирөөнүн үйү жайгашкан болушу ыктымал. Кайрадан талашып, талкуулап, чек ара ким тарапка жыларын аныкташ керек болот.
Искендер Мамбеталиев, КРнын Чек ара кызматынын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары
— Баткен облусунда абал эмнеге күн өткөн сайын курчуп баратат? Себеби мурда делимитация иштери тоодо жүрүп келсе, азыр өкмөттөр аралык комиссия түздүккө түштү. Делимитация адамдар жашаган, алардын үйү курулган жерлерге жетти. Албетте, эч ким ата-бабалары жашаган жерди бергиси келбейт. Өзүнөрдү тажиктердин ордуна койсоңор. Алардын чоң аталары жана бабалары ушул жерде жашап, суусун ичип, тоосуна мал жайчу. Ошондуктан алардын муундары дагы кызыкчылыгын коргошот. Кыргызстан дагы эч качан бир метр жерин да бербейт, Тажикстан дагы. Бирок биз коңшу болгондуктан бири-бирибизди түшүнушүбүз керек.
Өзгөчө убактылуу вето коюлган жерлерле талаш-тартыш катуу болот. Тажиктер ал жерлерди кыргыз тарабынан “талаш жерлерди басып алуу” деп аташат, кыргыздар болсо тажик калкынын биздин аймакка жылып жаткан бул процессти “мыйзамсыз жылган миграция” деп атайт.
Наркул Байдулетов, КРнын чек ара аскерлеринин кол башчысынын мурдагы орун басары.
— Чек арада абалдын күчөп жатканынын дагы бир себеби бар. Чек арага жакын жайгашкан калктын саны өсүүдө, өзгөчө тажик тарапта. Суу, жайыт, жер тилкеси тартыш болуп жатат. Ошондуктан эгерде маселени жакынкы күндөрү чечпесе, көйгөй күч ала берет.
3. Саясий чайкоочулук.
Белгилүү болгондой, чек ара ички саясий салгылашуу, саясий чайкоочулук үчүн мыкты аянт. Кыргызстанда жана Тажикстанда чек ара чырларын өз кызыкчылыгына колдонуп, азыркы бийликте саясий эрктин жоктугун, көйгөйдү чече албастыгын айтып, чырды бийликке каршы колдонууга аракет кылып, абалды өз кызыкчылыгына бурууга аракет кылган күчтөр жок эмес.
Кыргызстанда абалдан пайдаланып калууну көздөгөн реваншисттер дагы жок эмес. Социалдык тармактарды “Душанбеге баралы”, “душманга каршы туралы”, “тажиктерден жерибизди тартып алалы” деген сыяктуу улуттук-патриоттук чакырыктарга толду. Албетте, арасында биздин жерлерге күйгөндөр жок эмес, бирок адамдардын сезимине ойноп, от жагып, абалды козуткусу келгендер да жок эмес.
Мунун баары чек ара чырын жөнгө салууда пайда алып келбейт. Тараптар мындай чакырыктарга начар реакция кылары турган иш. Бул жерде улуттук коопсуздук органдары үчүн бир топ жумуштар бар.
4. Наркомафиянын жана контрабандисттердин таасири
Тажикстандын президентинин алдындагы Баңгизатын көзөмөлдөө агенттигинин адистеринин баасына караганда, эл аралык наркомафия бул республиканы Афганистандан КМШ өлкөлөрүнө андан ары Европага баңгизаттарынын аткезчилик жол менен ташуу уюгуна айлантууга аракет кылууда. Транзиттик айрым жолдор Кыргызстандын Баткен облусу аркылуу да өтөт.
Эки өлкөнүн ортосунда так чек аранын жоктугу контрабандисттер үчүн дагы жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө. Кыргызстанга тонналаган кургатылган жемиштер, ал эми Тажикстанга күйүүчү май, ар түрдүү товарлар өтүп, аны контрабандисттер транзит аркылуу Афганистанга ташышат.
Ошондуктан наркомафиянын күчү жана аткезчилер дагы чек араны тактоого тоскоол болуп келишет деген сөздөр да бар. Бирок мындай уюшкан кылмыштуу топтордун иши тууралуу так маалымат жок.
Тажикстандагы социалдык тармактардын колдонуучулары чек арадагы акыркы чырды Тажикстанда чоң көлөмдөгү аткезчилик жүктүн кармалганы менен байланыштырышты. Аткезчилер күч органдарынын назарын өздөрүнөн оолактатып, чек арага буруу үчүн атайылап талаш жерде чыр чыгарышкандыгын жазышууда.
Бир бүтүн система катары ар бир өлкөдө мындай коркунучтардан коргонуу жолу болушу керек. Ошондуктан Кыргызстандын жана Тажикстандын жергиликтүү бийлигинин жетекчилери жана күч түзүмдөрү чек арада аскердик-саясий, социалдык-экономикалык иштерин өткөрүүсү керек жана мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын коргоосу зарыл.
Коронавирустун фонунда Баткендеги чек ара көйгөйүн кантип чечсе болот?
Жарандардын саламаттыгы, жашоосу, өлкөнүн экономикасы коркунучка кептелген коронавирус пандемиясы учурунда чек ара маселесин чечүү үч эсе оор болду. Бирок эгерде муну ушул боюнча эле калтырып койсок жыйынтыгы жакшы болбойт.
Өкмөт эмне кылышы керек
Биринчиси. Өлкөнүн экономикалык секторун «жандандыруу» боюнча чараларды карап жатканда Өкмөт Баткен облусун «республикалык бюджеттин өзгөчө корголуучу беренеси» катары карашы керек жана эч качан каржылоону кыскартпашы керек.
Баткен облусундагы ичүүчү суу, электр энергиясы, эмгек акы, жөлөк пул, пенсия, медицина, билим берүү көйгөйлөрүн чечүү үчүн сырттан келген гранттык жардамдарды кошумча каржылоо катары бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл.
Чек ара аскерлеринин инфраструктурасын өнүктүрүүнү, аскер кызматкерлеринин жашоо шарттарын жакшыртууну улантуу керек.
Экинчи. 11-майда өлкөдөгү ишкерлер менен жолугушуу учурунда президент Сооронбай Жээнбеков ата мекендик өндүруштү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин, экологиялык таза товарларды чыгаруу жана санарип кызматтарды көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.
Үчүнчү. Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө көңул буруусу керек. Бизнесмендерге салыктык жеңилдик берип, жеңилдетилген насыя берип, Баткенде эркин экономикалык аймак түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Экономикалык жактан өнүккөн, калкы жыш жайгашкан аймакта чек ара чырлары көп катталмак эмес. Анын үстүнө ал тараптын жаратылыш шарты экологиялык таза өнүмдөрдү, арзан электр энергиясын иштеп чыгарууга, санарип кызматтарды өнүктүрүүгө толук шарт түзүп берет.
Төртүнчү. Түшүндүрүү иштерин бир мүнөткө дагы токтотпоо керек. Жергиликтүү бийлик органдары жана өкмөттөр калк менен байланышты үзбөй, жолугушууларды өткөрүп, ар бир чыр чатак боюнча расмий билдирүүлөрдү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Чагымчыларга жана реваншисттерге ушак таратып, абалдан пайдаланып кетпеши үчүн так маалыматтар өз учурунда элге жетүүсү зарыл. Чек ара саясаты максатына жетүү үчүн күч элементтерин эмес, дипломатиялык, укуктук, экономикалык, маданий элементтерди камтышы керектиги баарына белгилүү.
Эдиль Осмонбетов, саясатчы:
— Чек ара маселеси дайыма эки тарапты тең нааразы кылбагандай шартта чечилиши керек. Дүйнөлүк парктика көрсөткөндөй, маселе тынчтык жолу менен чечилсе, мамиле дагы жакшырат. Андан соң соода-сатык ж.б. процесстер башталат. Бул Борбор Азиянын өнүгүүсүнө шарт түзөт. Өзбекстанга жаңы президент келгени абал кандай өзгөргөнүн, Борбор Азиядагы процесттер кандай жанданганын баарыбыз көрүп турабыз. Мындай маселелрди күч менен чечүүгө болбойт.
Бешинчи. Эгерде коронавирус пандемиясы учурунда өкмөттөр аралык комиссия биргелешип иш алпара албаса, жок дегенде жер тилкелерин кыргыз жана тажик жарандарынын колдонуу механизми тууралуу оозеки түрдө сүйлөшүп, бирок макамын аныкталбаган боюнча калтыруу зарыл.
Кийин карантин аяктаган соң аймактарды алмашуу, чек арадан анклавдарга коридор түзүү, чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо иштерин улантса болот.
Резюме
Чек ара маселелерин чечүү убакытты жана чыдамды талап кылат. Ошондуктан кыйынчылыктарга карабастан мамлекеттик органдар бул багытта ишти токтотпоосу керек.
Elgezit.kg редакциясы бул көйгөй тууралуу бир нече жолу жазып, аны чечүү жолдорун сунуштап келет. Жыл башында Чек ара кызматынын мурдагы жетекчилеринин, эксперттердин катышуусунда тегерек стол да өткөргөн болчу. Анда Өкмөткө бир нече сунуштар айтылган. Көз карандысыз Кыргызстандагы эң оор көйгөйлөрду чечүүдө бул сунуштар азыркы жетекчиликке көмөкчү болот деп ишенели.