Көңүл бургула! Беткапсыз жүргөндөргө айыппул салынат

Окуялар тизмеги 11 Май 2020 17:32
0 ой-пикир

Учурда Бузуулар жана Жоруктар тууралуу кодекстерде санитардык эрежелерди бузгандарга карата бир нече берене каралган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынан мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, кодекстерге өзгөртүүлөр 2020-жылдын 3-апрелинде киргизилип, ага ылайык эреже бузгандарга карата жаза күчөтүлгөн.

Ал билдиргендей, беткап тагынбагандарга 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин айыппул салынат.

Ошондой эле:

-өзгөчө кырдаал шарттарында тартип бузуу – 5 миңден 17 миң сомго чейин;

-санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу – 1 миңден 20 миң сомго чейин;

-өзгөчө кырдаал шарттарында ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин жана талаптарын аткаруу тартибин бузуу – 3 миңден 13 миң сомго чейин;

-өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузуу – 15 миңден 60 миң сомго чейин;

-үй карантинин шарттарын аткарбоо – 30 миңден 60 миң сомго чейин.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 11-майга карата коронавирус жуктурган дагы 14 жаңы учур катталды. Жалпы ооругандардын саны 1016 кишиге жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.