ИИМ: Жайылдагы ок атышуу боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат

Окуялар тизмеги 03 Май 2020 14:16
0 ой-пикир

Жалпыга маалымдоо каражаттарында апрель айынын башында Чүйдөгү Жайыл районунун Алексеевка айылында ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ортосунда ок атышуу болгону тууралуу маалымат жарыяланган.

Бүгүн, 3-майда АКИpress агенттигине Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы учурда бул маалымат текшерилип жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө ички иликтөө кызматы аталган факттар боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.