Россиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн жарандыгын жеңилдетилген шарттарда алуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бул Россиянын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок жарандарга жана чет өлкөлүктөргө тиешелүү.
Ошондой эле СССР учурунда төрөлүп, анын курамындагы өлкөлөрдө жашап жүрүп, бирок жарандык албаган адамдарга жеңилдиктер каралат. Тактап айтканда, алар жарандык алуу үчүн арыз жазганга чейин милдеттүү түрдө Россиянын аймагында 3 жыл жашашы керек жана киреше булагын көрсөтүүсү зарыл деген талаптар мындан ары болбойт.
Ушундай эле шарттар Россиянын жараны менен баш кошуп, балалуу болгон жарандарга, ата-энесинин бири Россиянын жараны болгон адамдарга да каралат.
Эчкандай основанияси жоктрр кантип алат
Саламатсыздарбы менин беш балам бар гражданин алайын дегемин кантип алам куйом 15жылдан бери рассияда иштейт