Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 669 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 3 бейтап каза болуп, 42 адам бул илдеттен айыкты.
Кыргызстанда 298 адамдан коронавирус аныкталып, 5 бейтап көз жумду.
Казакстанда 812 адам коронавирус инфекциясын жуктурду.