«Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фонду тарабынан коронавирусту 15 мүнөттүн ичинде аныктай турган 20 миң даана экспресс-тест алынып, Саламаттыкты сактоо министрлигине тиешелүү сертификаттары менен өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тесттерди колдонуу практикасында вирустун белгилерин аныктаган учурлардын катталганы тууралуу билдирди. Биздин фонд жакынкы күндөрү дагы медициналык жабдыктарды жана адистерге атайын кийимдерди алып келет. Ошого байланыштуу илдеттин кесепети менен күрөшүүдө ыкчам тесттердин сапаты жана мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгып, министрликке кат менен кайрылганбыз. Министрликтен жооп келип, анда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган жана учурдагы талаптарга жооп берген эӊ акыркы 5-муундагы тесттер экендигин билдиришти», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле эл өкүлү фонддун дарегине келген Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыраазычылык катын тиркеген.