Экс-премьер-министр, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабановдун бир тууганы кайтыш болду. Бул тууралуу өздүк булактарган таянуу менен Reporter.kg жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Эркайым Бабанова узакка созулган оорудан улам 61 жашында Казакстандын Тараз шаарындагы үйүндө көз жумган. Маркум 8-апрелде жерге берилген.
Эске сала кетсек, Өмүрбек Бабанов бир үйдүн жалгыз уулу, анын 6 кыз бир тууганы бар.