Кыргызстанда 9-апрель саат 08:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 10 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 280 кишиге жетти.
«Жаңы катталган 10 учурдун ичинен Бишкек шаарында — 1, Ош облусунун Ноокат районунда — 1, Ош шаарында — 3, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда — 4, Аксы районунда — 1 адам бар», — деп кошумчалады ал.