Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 6-апрель саат 17.00гө карата 103 млн. 946 миң 301 сом келип түштү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.
Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 270 кишиге жетти. Алардын ичинен төрт жаран каза болду.