Кыргызстанда дагы 5 адам коронавирус жуктуруп алды. Жалпы 116

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 09:27
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирусту дагы 5 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 116 кишиге жетти.

«Катталган 5 жаңы учурдун ичинен Ош облусуна караштуу Ноокат районунда – 2 адам, Ош шаарында – 1 адам жана Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында – 2 адам бар», — деп кошумчалады ал.

Мамбетов билдиргендей, жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, 3 – ооругандар менен байланышта болгон.

Эске сала кетсек, күн мурун, 1-апрелде Кыргызстанда коронавирус жуктурган 4 жаңы учур катталган болчу. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам коронавирустан айыгып чыккандыгы кабарланды.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.