Вируска чалдыккан нарындык Пакистандан дааваттан келген. Ал Бишкекте 4 күн жүргөн

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 08:25
0 ой-пикир

Нарын шаарында коронавируска чалдыккан алгачкы учур катталган. 61 жаштагы аксакал буга чейин 4 ай Пакистанда дааватта жүрүп келген. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка караганда, бейтап өткөн жылдын 15-ноябрында Пакистанга кеткен. 15-мартта саат ондо Лахол-Ташкент-Бишкек рейси менен “Манас” аэропортуна учуп келген. Ташкентте Бишкекке рейсти 5-6 саат күтүшкөн.

«“Манас” аэропортунан үйдөн чыкпай отуруу, эч ким менен байланышпоо, дене табы көтөрүлсө, тез жардамга кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок бул адам Бишкек шаарында уулунун үйүндө төрт күн болгон. 19-март күнү Бишкек шаарынан Нарынга саат 15-16лар чамасында 7 киши менен чогуу бир таксиде келген. 22-март күнү 18.30 чамасында Нарын облустук бириктирилген ооруканасына обсервацияга жаткырылып, анализ алынган. 28-мартта анализинен вирус табылган. Азыркы учурда изоляцияда. Абалы канааттандырарлык. Эч кандай даттануусу жок», -деп айтылат маалыматта.

Бейтаптын үй-бүлө мүчөлөрү обсервацияга жаткырылды. Биринчи категориядагы контакт болгон 15 адамдан анализ алынган.

Экинчи категориядагы контакт болгон 127 адамга үйүнөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Эгер биринчи категориядагы 15 адамдан вирус табылса, экинчи категориядагы адамдардан да анализ алынып, алар менен контактта болгондор иликтенип, иш алып барылат», — деп кошумчалашты өкүлчүлүктө.

Бүгүндөн тарта Нарын шаарына кирип чыгууга толугу менен чек коюлду.

Эске салсак, буга чейин Пакистанда коронавирус илдетин жугузуп алгандардын арасында 1963-жылкы кыргыз жараны бар экендиги айтылган. Аталган жаран менен чогуу төрт кыргызстандык (1960-ж.,1978-ж, 1960 жана 1996 ж.) Пакистанда даават кылып жүрүшкөн.

Азыркы учурда коронавирус табылган жаран PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) Исламабад госпиталына жаткырылган, ал эми калган төрт кыргызстандык карантинге алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.