Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-мартында 1979-жылы туулган Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну Ажиев Султангазы Туратбекович кармалды.
С.Ажиев Жапалак айылында жергиликтүү эки тургун коронавирус жуктуруп алган деген жалган маалыматты социалдык тармактар аркылуу жайылткан.

Аталган адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн элден кечирим сурашты.
УКМК укук коргоо органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.