Даниэль Ажиев 48 саатка кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Даниэль Ажиев суракка чакырылып, кийин камоого алынды.
«Ал жек көрүү жана кастыкты козутууга түрткөн кемсинткен сөздөр коштолгон ачык билдирүү жасаган. Бул боюнча 26-март күнү ИИМ Тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын баштаган. КР Жазык кодексинин 313-беренесинде («Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу») көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 30 жаштагы Даниэл Ажиев кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал баңгизат (марихуана) колдонгондугу аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Даниэль Ажиев алгач коронавирус менен күрөшүү үчүн 7 миллион сом бөлөрүн айткан. Канча акча жумшаганы бирок белгисиз. Бир нече үй-бүлөгө азык-түлүк таркаткан видеону өзү жарыялаган.
Интернет колдонуучулар ал Вебкам-моделдердин студиясы менен алектенээрин айтышып, терс пикирлерди калтырышкан. Ал эми Даниель Ажиев, кыргыз элин оозго алгыс сөздөр менен сөккөн.
Ошол жерде элэ олтуруп олгонун жакшы сенин андай арам иштегин менен