Чолпонбаев: Умрага баргандар үйдөн чыкпай отуруңуздар, эч кандай той, түлөөгө барбаңыздар

Окуялар тизмеги 20 Мар 2020 11:48
0 ой-пикир

20-марттагы басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев умрага барып келгендерди үйдөн чыкпоого, эч ким менен байланышпоого чакырды. Чолпонбаев алардын дарыгерлер көзөмөлдөп тураарын белгиледи.

«Умрага барып келгендер азыр үйдөн чыкпай отуруңуздар, эч кандай той, түлөөгө барбаңыздар. Ар кандай клиникалык белгилер болсо дарыгерлерге кайрылыңыздар. Эң негизгиси — үйдөн чыкпай отурууну суранам. Азыр дарыгерлер тизме боюнча үймө-үй кыдырып, абалыңарды карап, дагы бир жолу анализ алат. Текшерип бүткөндөн кийин сиздерге кеңеш берет», — деди министр.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунан табылып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.