Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Окуялар тизмеги 19 Мар 2020 10:45
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 19-мартта журналисттерге билдирди:

«Такталган маалыматтарга ылайык, Шаржадан келген учакта 144 адам болгон. Алардын баары текшерилди. 18-мартта аныкталган үч адамдан башкасынан оору аныкталган жок. Умрадан кайтып келген 144 адамдын баары аныкталды. Алардын ичинен экөө Өзбекстанга чыгып кетишкен. Алар тууралуу Тышкы иштер министрлиги аркылуу маалымат берилди.Алардын баары жер-жерлерде обсервацияга жаткырылды. Дарыгерлердин толук көзөмөлүндө».

Министр ооруну аныктоочу реагенттер жетиштүү, аймактардын баары мобилдүү лабораториялар менен жабдылат деп кошумчалады.

Ооруга чалдыккан үч киши жашаган Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Алар менен байланышкан бардык адамдар да дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.