Жогорку Кеңештин эки депутаты жана жети кызматкери үй карантинине алынды

Окуялар тизмеги 13 Мар 2020 11:22
0 ой-пикир

Иш сапары менен Германиянын борбору Берлинге барып келген вице-спикер Аида Касымалиева менен депутат Абдыбек Дүйшалиев үй карантинине алынды, деп жазат Sputnik Кыргызстан.

Маалыматка караганда, өткөн жумада Германия парламентинин чакыруусу менен барган парламенттик делегация бүгүн түндө Бишкекке кайтып келген.

«Республикалык штабдын сунушу менен 14 күнгө үй карантинине алындым. Биз өткөн жумада жөнөп жатканда Берлинде абал туруктуу болчу, Саламаттык сактоо министрлиги менен кеңешкенбиз. Ал жолугушуу жогорку деңгээлде белгиленип калгандыктан жолго чыга берүүнү туура көргөнбүз. Бирок биз баргандан бир-эки күндөн кийин кырдаал абдан курчуп кетти. Анан билеттерди жакынкы күнгө алмаштырып тез арада кайттык. Негизи иш сапар 15-мартка чейин пландалган болчу», — деди Касымалиева.

Ошондой эле ал Бишкекке келгенде самолеттун ичинен да, аэропортко киргенден кийин да текшерилгенин айтып, өлкөдөгү алдын алуу чаралары күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын белгиледи.

«Негизинен учурда абалым жакшы. Мындан ары үйдөн иштеп турам. Келгенде аэропорттон анализ алышкан, ал бүгүн чыгат. 10-12 күндөн кийин дагы бир анализ алынат. Европада кырдаал курчуп баратат, бирок ал жактан тыкыр текшерүүнү байкаган жокмун. Стамбулда деле андай жок. Беткапчан жүргөндөр аз, бардык жерге санитардык суюктуктар коюлган. «Колду жуугула» деген маалыматтар берилип жатат», — деди Касымалиева.

Вице-спикердин айтымында, аны менен чогуу барган Жогорку Кеңештин жети кызматкери да үй-карантинге алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.