«Коопсуз шаар» системасы калыбына келтирилди. Айыппулдарды төлөөгө болот

Окуялар тизмеги 13 Мар 2020 10:57
0 ой-пикир

«Коопсуз шаардын» маалыматтык системасы калыбына келтирилип, айдоочулар айыппулдарын текшерип, аны төлөй алышат. Бул тууралуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

«7-март күнү «Коопсуз шаар» маалыматтык системасынын жабдыктарында чыккан техникалык мүчүлүштүк жоюлду. Учурда айыппулдарды текшерүүгө жана төлөөгө болот», — деп билдирет «Инфоком» ишканасы.

Ошондой эле ишкана, бул мүчүлүштүктөн улам айыппулду төлөй албай калгандар, айыппулду төлөөдө берилүүчү 50%дык жеңилдетүүнү колдоно алышарын белгилейт.

«Айыпулду төлөөдө сервис иштебей турган 7-13-марттагы (алты күн) күндөр эске алынат», — деп билдиришти ишканадан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.