Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта АКИpress агенттиги жеке булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, О.М. аттуу судьяны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финпол) кызматкерлери кармашкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал судья жарандык иш боюнча маселени оң жакка чечип берүү үчүн 2000 доллар талап кылган.
Аталган кызматтын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.