Кара-Суу шаарынын мэри Кутугали Козубаев кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү кабарлады.
Экс-мэрдин айтымында, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Козубаев 2017-жылдын октябрь айында Кара-Суу шаарынын мэрлигине дайындалган.
Кара-Суу шаарынын мэринин милдетин аткаруу вице-мэр Шавкат Осмоналиевге жүктөлдү.