Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-март күнү саат 15:18де Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү очогунда 3,5 баллга жетти.
Сузак районунун Каду, Жазы-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 2,5-3 балл, Көсө-Терек, Орток, Кара-Алма жана Сай айылдарында 2-2,5 баллды түздү.
Силкинүүдөн жапа чеккендер жана кыйроолор катталган жок